БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кант диабетин жалаң эле таттуулар эмес, жеп жатканда курамында кант бар экендиги байкалбаган башка азыктар да пайда кылышы мүмкүн. Бул тууралуу "Прайм" басылмасына россиялык эпидемиолог Лидия Сопрун түшүндүрүп берди.
Дарыгер мындай азыктардын катарына соустарды, кетчуп, катырак нандар, колбаса, сосиска, чипстер, консервалар, маринаддалган жемиштер, суши, ролл жана башкаларды киргизген.
"Жүзүм, алма, шабдалы, мөмө кактарында да кант көп, бирок алар табигый болуп саналат. Ошентсе да аны ашыкча жеген организмге зыян. Ал эми майонезге келе турган болсок, теорияда анын гликемиялык индекси нөл болушу керек. Бирок биз кезиктирип жүргөн, өндүрүштөн чыккан майонезде, өзгөчө майсыздандырылганында рафинаддалган углеводдор бар. Себеби майын бөлүп алгандан кийин аны мальтодекстрин же дагы башка күчтүү крахмалдар менен калыбына келтирүү керек да. Сырткы көрүнүшү окшош болсо да каймак менен майонездин даамында чоң эле айырма бар. Каймакта май аз, бирок углевод көп. Орто эсепте 100 грамм каймактын курамында беш-жети грамм углевод болот. Ошол эле учурда каймактын курамындагы лактозанын эсебинен анын инсулиндик индекси бардык эле сүт азыктарындай гликемиялык индексине караганда жогору", — деди адис.
Дарыгер саламаттыкка кам көрүү үчүн ден соолуктагы көйгөйлөрдү эске алып, азыктардын курамы менен сөзсүз таанышып, андан кийин сатып алууну кошумчалаган.