Бишкектин Биринчи май районуна жүздү тааныган камералар орнотулду

Камералар күнү-түнү иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. – Sputnik. Шаар тургундарынын коопсуздугу жана тартипти сактоо үчүн Биринчи май районунда видеокөзөмөл камераларын орнотуу иштери уланууда.
1 / 2

Шаар тургундарынын коопсуздугу жана тартипти сактоо үчүн Биринчи май районунда видеокөзөмөл камераларын орнотуу иштери уланууда.

2 / 2

Райондук администрациянын маалыматына караганда, Эркиндик бульварынын 4 кесилишине, Чүй проспектине, Киев, Токтогул жана Чокморов көчөлөрүнө камера орнотулду.

Райондук администрациянын маалыматына караганда, Эркиндик бульварынын 4 кесилишине, Чүй проспектине, Киев, Токтогул жана Чокморов көчөлөрүнө камера орнотулду. Жакында жүздү тааныган дагы төрт камера коюлат, алар күнү-түнү иштейт.
Мындан тышкары, соода-сатык жана көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары катталат.
Биринчи май районунун аймагына жүздү таануучу жана аралыктан кол менен башкаруу мүмкүнчүлүгү бар 50дөн ашык камера орнотулары кошумчаланды.
Жапаров: автобустарга камера коюп, туура эмес токтогон унааларга айып салуу керек