Велосипедчен мэр, шаңдуу балдар. Бишкектеги велосезондун ачылышынан 15 сүрөт

Борбор калаада велосезон ачылды. Жүздөгөн велосипедчен "Ала-Тоо" аянтынан Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркына чейин барышты.
Sputnik
1 / 15

Бишкектеги велосезондун ачылышына катышуучулар

2 / 15

Каттоодон өтүп жаткан катышуучулар

3 / 15

Иш-чара борбор калаанын тургундары арасында экологиялык таза транспорт түрлөрүн жайылтууга багытталган

4 / 15

Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты

5 / 15

Велосипедчилер “Ала-Тоо” аянтынан Жеңиш паркына чейин барышты

6 / 15

Велосипедине туу сайып алган адам

7 / 15

Жарыш башталган учур

8 / 15

Веложүрүшкө ата-энелери менен көптөгөн балдар катышты

9 / 15

Катышуучулардын жаш курагы чектелген эмес

10 / 15

Иш-чара борбор калаанын 145 жылдыгына арналат

11 / 15

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров да велосипед тээп келди

12 / 15

Баласын өңөргөн катышуучу

13 / 15

Финишке жеткенде бардык катышуучуларды кызыктуу шоу-программа күтүп турган

14 / 15

Велосипед менен жүрүү аралыгы алты чакырымдан ашты

15 / 15

Быйыл салтка айланган иш-чарага 2 миңден ашык адам катышты

Тема боюнча:
Сүмөлөк ооз тийүү, шаңдуу оюндар. Жайдары маанай тартуулаган Нооруздагы сүрөттөр
Баткак, сууга карабай... Жолтандабастар жарышынан алынган кызыктуу 14 сүрөт