Үрөй учурган жол кырсык. Баткенде эки автоунаа өрттөнүп кетти

Өрт саат 17:21де толугу менен өчүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. – Sputnik. Бүгүн Баткенде эки автоунаа толугу менен күйүп кеткени айтылып, видеосу тараган.
ӨКМдин маалыматына караганда, окуя Ош – Баткен –Раззаков автожолунун 149-чакырымында (Алга тилкесинде) болгон.
“Opel Vectra үлгүсүндөгү унаа менен Toyota 4Runner кырсыктап, жерине 1 өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Кырсыктын кесепетинен Opel Vectra автосундагы 2 адам каза болуп, бирөө жабыркаган”, - деп айтылат маалыматта.
Өрт саат 17:21де толугу менен өчүрүлгөн.
Жети-Өгүздө мас айдоочу жүргүнчү салып жаткан унааны сүзүп, 2 адам каза болду