3-апрелде Бишкектин бир бөлүгү жарыксыз калат. Тизме

Электромонтерлор жабдууларды оңдоп, кабелдерди алмаштырып, бутактарды кыркып, зымдарды ташуу сыяктуу жумуштарды аткарышат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. 3-апрелде борбор калаанын айрым райондорунда электр жарыгы жокболорун "Бишкек электр тармактары" ишканасы билдирди.
Электромонтерлор жабдууларды оңдоп, кабелдерди алмаштырып, бутактарды кыркып, зымдарды ташуу сыяктуу жумуштарды аткарышат.
Электр энергиясы өчүрүлчү аймактар:
Саат 9:00дөн 17:00гө чейин — 8-кичи райондогу №31 үйдө, Учкун конушунда (Учкун, Сатыбалдиев, Аксы, Үч-Тулга, Мырзак көчөлөрүндө), Токтогул көчөсүнүн айрым жерлеринде, Турусбеков көчөсү, 462А дарегинде, Жибек Жолу проспекти, Ак-Өргөө конушунда (Өмүр Көчө, Кырк Кыз, Ашар, Тогуз Канат, Саадак, Мажурун, Күн Көчө, Күн, Проектируемая, Кербез, АкЧөлмөк, Арабаев көчөлөрү);
Саат 9:30дан 15:00гө чейин — Шопоков көчөсүндөгү №98А үйдө, Опера жана балет театрында, Тоголок Молдо көчөсүнүн, Жибек Жолу проспектинин айрым тилкелеринде;
Саат 9:30дан 17:30га чейин — Төмөнкү Ала-Арча айылында (Кыргызская, Панфилов, Чагай көчөлөрү, Колхозный проспекти);
Саат 9:30дан 18:00гө чейин Коенкөзов жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн участокторунда;
Саат 10:00дөн 14:00гө чейин — Мурманская жана Кустанайская көчөлөрүнүн айрым жерлеринде;
Саат 13:00дөн 17:00гө чейин — Щербаков, Орозбеков көчөлөрүнүн участкаларында, Российский, Изюмский, Булгакский, Мариупольский тилкелеринде;
14:00дөн 18:30га чейин — Мусорская жана Загородная көчөлөрүнүн айрым жерлеринде, Мариупольский тилкесинде.
Бишкектин чок ортосунда 6-апрель күнү суу өчөт