Радио

Курманалиев: театрга агылган жаштар көбөйдү

Бакен Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын көркөм жетекчиси Руслан Курманалиев бүгүнкү күндө театрдын иши жолго түшүп, жакшы спектаклдер чыгып жатканын айтты.
Sputnik
Советтер Союзу тарагандан кийин 25 жылдай театр көрүүчүсүн жоготту. Ал эми азыр театрга келген жаштардын саны көбөйүп бара жатат. Бул тууралуу Руслан Курманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, театрлар репертуарын жаңыртып, коомдогу болуп жаткан окуяларга маани берип, ошону жөнөкөйлөштүрүп берүүгө аракет кылышы керек.
"Союз тарагандан кийин 25 жылдай театр көрүүчүсүн жоготту. Социалдык-экономикалык абалга байланыштуу маданияттан алыстап калган. Акыркы жылдары кайрадан театрга келгендердин саны өстү. Айрыкча, жаштардын агымы байкалат. Албетте, көтөрүлгөн темалар жакшы болсо, эл келип көрөт. Театрлар репертуарын жаңыртып, коомдогу болуп жаткан окуяларга маани берип, ошону жөнөкөйлөштүрүп берүүгө аракет кылышы керек экен. Кээде фестивалга деп чыгарылган оор спектаклдерди көрүүчү түшүнбөй калган учурлар да болот. Бизде "Эргүү" улуттук театр сыйлыгы бар. Ал бул тармактагы алдыңкыларга, мыктыларга берилет. Кээ бир эмгектерди көрүп чыксам, абдан жакшы спектаклдер бар экени кубандырат. Демек, театр жашап жатат жана ал уланат", — деди Курманалиев.
Ошондой эле адис театрлар гастролдорго, фестивалдарга катышып, жаңы ачылыштарды жасаганга да маани бериши керектигин кошумчалады.