Музыка сынагында жеңүүчү болгон 2-курстун студенти Россияга жолдомо алды

Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору уюштурган иш-чаранын максаты — классикалык музыканы тандаган жаштардын талантын ачуу, аларга көмөк көрсөтүү.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын экинчи курсунун студенти Сезим Анарбекова "Приношение русской музыке" деп аталган сынакта баш байгени жеңип алды. Ага Россияга "Саламатсыңбы, Россия" жолдомосу тапшырылды.
1 / 2

Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын экинчи курсунун студенти Сезим Анарбекова "Приношение русской музыке" деп аталган сынакта баш байгени жеңип алды

2 / 2

Аталган сынакты Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом) уюштурган. Иш-чара классикалык музыканы тандаган жаштардын талантын ачуу, аларга көмөк көрсөтүү максатында өттү.

Аталган сынакты Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом) уюштурган. Иш-чара классикалык музыканы тандаган жаштардын талантын ачуу, аларга көмөк көрсөтүү максатында өттү.
Сынактын жеңүүчүсүн Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко куттуктады.
"Кыргызстан — таланттардын өлкөсү. Мен концерт бүткөнчө жаштардын талантына суктанып отурдум, бул балдардын келечеги кең деп ойлойм. Сезим, азаматсың, Россиянын шаарларынын бирине баруу сага жагат, классикалык музыка дүйнөсүндө дагы өнүгүүгө өбөлгө болот деп ишенгим келет", — деди ал.
Бул жылы "Приношение русской музыке" сынагы Сергей Рахманиновдун 150 жылдыгына арналды. Кеченин катышуучулары анын чыгармаларын аткарышты. Мындан тышкары, Опера жана балет театрында Россия улуттук музыка музейинин "Сергей Рахманинов: "Мен орус композиторумун" аталышындагы көргөзмөсү өттү.
Бишкекте россиялык "Большая перемена" башталат. Убактысы, орду