БШК Абировдун ордуна депутат шайлоого канча акча жумшаларын айтты

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Жаныбек Абировдун ордуна №26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого 18 миллион 836,5 миң сом жумшалат. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Каражат шайлоого даярдык жана аны өткөрүү иштеринин чыгымдарына, шайлоо комиссияларын ачуу, техникалык жактан жабдуу, тартылган адистерге эмгек акы төлөөгө берилет.
Белгилей кетсек, Ленин районунан шайланган Жаныбек Абиров мушташкан окуясынан кийин кызматын мындан ары аркалоого моралдык укугу жок экенин айтып мандатын тапшырган. Мындан улам мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга белгиленди.
Милиция Жаныбек Абиров мушташкан иштин чоо-жайы эмне болгонун айтты