Жапаров министр менен ракка кабылган бейтаптарды акысыз дарылоону талкуулады

Президент бейтаптар менен баарлашып, медициналык мекемедеги дарылануу шарттарын көрүп чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Улуттук онкология жана гематология борбору менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна пландан тышкары барды.
1 / 2

Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Улуттук онкология жана гематология борбору менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна пландан тышкары барды

2 / 2

Мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Жапаров ооруканадагы палаталардын, дарылоо бөлмөлөрүнүн жана башка инфратүзүмдөрүнүн абалы менен таанышканын билдирди

Мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Жапаров ооруканадагы палаталардын, дарылоо бөлмөлөрүнүн жана башка инфратүзүмдөрүнүн абалы менен таанышканын билдирди. Президент ооруканадагы бейтаптар менен баарлашып, аталган медициналык мекемедеги дарылануу шарттарын көрүп чыкты.
"Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчилиги менен онкологиялык бейтаптарга бекер кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Ошондой эле ал балдар ыңгайлуу шартта дарылануусу үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы шарттарды жакшыртууну, дары-дармектин тартыштыгына жол бербөөнү тапшырды", — деди маалымат катчы.
Жапаров бүгүн, 1-апрелде, жылдап жараксыз жаткан автобустар токтотулган аянтка дагы барган.
Улуттук онкология борборуна 1 млн. евролук эки аппарат сатып алынды