Каалоочулардын баары катышса болот. Бишкекте "Сайма – 2023" сынагы өтөт

Иш-чара саймачылардын мастер-класстары, "Шедевр белдемчи" аукциону, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, интерактивдик оюндар менен коштолот.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Ушул жылдын 15-апрелинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Кийиз дүйнө" коомдук фонду менен биргеликте "Сайма – 2023" кароо-сынак фестивалын өткөрөт.
Министрликтин маалыматына ылайык, иш-чаранын максаты — сайма өнөрүн кайрадан жандандыруу, сактоо, жайылтуу, салттуу маданиятты, кол өнөрчүлүктү даңазалоо. Кыргыз саймаларынын баалуулугун көргөзүп, ал өнөрдү алып жүрүүчүлөрдү шыктандыруу жана сайманын бир нече түрүн кеңири жайылтуу.
Бекитилген жобого ылайык, "Сайма – 2023" кароо-сынак фестивалына өлкөнүн бардык аймактарынан сайма сайганды билген каалоочулар катыша алышат. Каалоочулар билдирмени 13-апрель саат 17:00гө чейин толтуруп, катталуусу шарт.
Кароо-сынак эки багытта өткөрүлөт:
1-багыт – "Сайма чемпионаты – 2023";
2-багыт – "Мыкты белдемчи" сынагы.
"Уюштуруу комитети тарабынан ар бир багытка, ар бир топко өз-өзүнчө шарттар, талаптар коюлуп, баалоо критерийлери эки башка деңгээлде каралат. Жеңүүчүлөр диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Иш-чара саймачылардын мастер-класстары, "Шедевр белдемчи" аукциону жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, интерактивдик оюндар менен коштолот", — деп айтылат маалыматта.
Фестиваль өтө турган күн: 15-апрель саат 11:00.
Дареги: Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи, Абдрахманов көчөсү 196.
Байланыш үчүн: е-mail: kiyizduino@gmail.com
Тел.: +996 700 91-48-79; +996 0708 326264.
Радио
Асаналиева: кыргыз саймасына чет элдиктердин кызыгуусу күч