Бишкекте “Сөз эркиндиги” аллеясы пайда болду. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Ынтымак" паркында “Сөз эркиндиги” аллеясы пайда болду. Бүгүн ал жерге журналисттер бак-дарак отургузушту.
Акцияны президенттик аппарат уюштурган. Иш-чарага мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын маалымат кызматынын адистери катышты. Ага ошондой эле Sputnik Кыргызстан агенттигинин өкүлдөрү да барды.
Акция “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында уюштурулду. Иш-чаранын максаты — медиа чөйрөсүндөгү жаңы чакырыктарды жана идеяларды бейформал шартта талкуулоо.
Минск шаарында Чыңгыз Айтматовдун урматына аллея ачылды. Сүрөт