Нарындык дыйкан-фермерлерге багбанчылыктын сырларын айтып беришти. Сүрөт

Теңир-Тоодо былтыртан бери 39 гектарга карагат, жети гектарга чычырканак отургузулган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Нарын шаарынын жана Нарын районунун багбандарына, дыйкан-фермерлерине багбанчылык, мөмө-жемиш бактарын өстүрүүнүн ыкмалары боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.
Семинарда "Борбор Азия багбандар биримдиги" коомдук уюмунун жетекчиси Абдулла Ташиев багбанчылыктын сырлары боюнча кеңири баяндап берди. Жергиликтүү дыйкан, багбандар адиске кызыккан суроолорун узатып, кызыктуу маектешүү болду.
1 / 2

Нарын шаарынын жана Нарын районунун багбандарына, дыйкан-фермерлерине багбанчылык, мөмө-жемиш бактарын өстүрүүнүн ыкмалары боюнча семинар өткөрүлдү

2 / 2

Семинарда "Борбор Азия багбандар биримдиги" коомдук уюмунун жетекчиси Абдулла Ташиев багбанчылыктын сырлары боюнча кеңири баяндап берди

Иш-чарага катышкан президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров облуста былтыртан бери мөмө-жемиш бактарын өстүрүүгө көңүл бурулуп, 39 гектарга карагат, жети гектарга чычырканак отургузулгандыгын айтты.
Учурда Дүйнөлүк банкка мөмө-жемиш бактарынын кластерин түзүү боюнча долбоор өткөрүлүп жатканын, долбоор колдоо тапса дыйкан, фермерлерди бак-дарактардын көчөттөрү менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөрүн белгиледи.
Мындан сырткары, Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунан 200 миллион сом ишкердикти колдоо максатында бөлүнүп, "Керемет" банкы аркылуу 5,5 пайыз үстөк менен насыя берилери, багбандар дагы мөмө-жемиш плантацияларын куруу үчүн насыя алса болору маалымдалды.
Иш-чара президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу жана "Борбор Азия багбандар биримдиги" коомдук уюмунун демилгеси менен уюштурулган.
Мындай семинарлар Нарын облусунун бардык райондорунда өткөрүлүүдө.
Нарынга Оштон алып келинген арчанын көчөттөрү отургузула баштады. Сүрөт