Кыргызстанда жаңы ишкана түзүлүп, ага 500 млн. сом бөлүнмөй болду

Бул ишкана калкты дары-дармек жана медициналык каражаттар менен жеткиликтүү баада камсыздайт.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызстанда Саламаттык сактоо министрлигинин алдында "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы түзүлөт. Тийиштүү токтомду министрлер кабинети кабыл алды.
Документке ылайык, бул ишкана мамлекеттик ооруканаларды, калкты дары-дармек жана медициналык каражаттар менен жеткиликтүү баада камсыздайт.
Финансы министрлигине 2023-жылы "Кыргызфармацияга" 500 миллион сом бюджеттик кредит бөлүп берүү тапшырылды. Мамлекеттик ишкананын быйылкы жылга карата Эмгек акы фонду 30 миллион сомго жакын бекитилет.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен Саламаттык сактоо министрлигине ишкананы кампасы бар имарат менен акысыз камсыздоо тапшырмасы берилди.
Министрлик: 2500 бейтап гемодиализ алууда, тармакта көйгөй жок