УКМКнын кызматкеримин деп ишкердин акчасын тартып алган шектүү кармалды

38 жаштагы адамдын бир нече паспорту болгон жана ал өзүн УКМКнын түштүк аймактагы координаторумун деп тааныштырып жүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып, жеке ишкердин ири өлчөмдөгү акчасын тартып алган адам кармалды.
УКМКнын билдирүүсүнө ылайык, 38 жаштагы М.Д.М. (башка толук аты-жөнү Турсунбаев Диербек Муратбекович) мамлекеттик чек арадан өтүп бара жатканда колгон түшүрүлгөн.
Тергөөнүн жүрүшүндө анда Кыргыз Республикасынын бир нече жарандык паспорту бар экендиги аныкталган. М.Д.М. өзүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин түштүк аймагы боюнча координатору болом деп тааныштырып жүргөн.
"Ал жеке ишкердин ишенимине кирип, алдамчылык жол менен 466 миң сом акчасын жана Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алган. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
УКМК бул адамдан жапа чеккендер болсо кабарлап коюуну өтүнөт.
Таңгак акча, курал. Массаж салону боюнча кармалган милиционерлердин видеосу