Кыргызстандык мушкер кыз россиялык атаандашын биринчи раундда жеңип алды

Токтогонова буга чейин ММА уюмундагы мелдештерге катышып үч ирет жеңишти багындырган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. 17 жаштагы кыргызстандык Анеля Токтогонова россиялык Александра Савичованы ONE Friday Fights 11 турниринин биринчи раундунда жеңип алды. Мелдеш Таиландда өтүп жатат.
Токтогонова атаандашына муунтуу ыкмасын колдонду.
ЖМКлар Токтогонованын ММА беттештеринде үч жолу жеңишке ээ болуп, бир ирет жеңилүү ызасын тартканын жазышкан.
Ал эми Савичева үч жолку жеңишинен кийин биринчи жолу утулду.
Бул кыргызстандык жаш спортчунун ONE Championship мелдешиндеги дебюту болду.
Валентина Шевченко тыныгуудан кийин кимдер менен беттешүүнү каалаарын айтты