Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттоп, унаа сатып алат. Макулдашуу

Кол коюлган макулдашууларда Ысык-Көл облусу менен СУАРдын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү протоколу да бар.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйдун сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Төмөнкү документтер:
Кытайга электр энергиясын экспорттоо жөнүндөгү меморандум;
Кыргызстан — Кытай 500 киловольт электр өткөргүч линиясын жана чакан ГЭСтерди куруу жөнүндөгү меморандум;
Кыргыз — Кытай СУАР Ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндөгү макулдашуу;
Ысык-Көл облусу менен СУАРдын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндөгү протокол;
Синьцзян медициналык университетинин экинчи ооруканасы менен медициналык кызматташуу боюнча макулдашуу;
"Или-Синхэ" ЖЧШ жана "БТК" ЖЧКсынын ортосунда автоунааларды сатып алуу боюнча келишим.
Кыргыз-кытай кызматташтыгына тоскоол болгон чектөөлөрдү алып салуу талкууланды