Кыргызстанда былтыр лизингге мүлк алгандар көбөйдү. Техниканын түрү

Кыргызстандык ишкерлер мурдагы жылга салыштырмалуу былтыр 2 эсеге көп лизинг алган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Өлкөдө 2022-жылы лизинг ишмердигин 17 компания жүргүзүп, жалпысынан 4 миллиард сомго бааланган 1800дөн ашык келишим түздү. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитет кабарлады.
Бул сумма 2021-жылга салыштырмалуу 2,3 эсе көп.
Лизингге кандай мүлк алынган:
жол курууда колдонуучу техникалар, машина жана механизмдер — 44,6 пайыз;
айыл чарба техникасы, машина жана механизмдер — 35,4 пайыз;
транспорт каражаттары — 17,5 пайыз;
башкалар — 1,9 пайыз;
имараттар — 0,4 пайыз;
мал — 0,2.
Лизинг — бул кандайдыр бир техниканы же имаратты көп жылга ижарага алуу. Лизингге алынган буюмду кардар андан ары сатып алат. Кредиттен айырмасы — насыя алган киши каражатты өзү каалагандай пайдаланып, кийин аны акча түрүндө эле кайтарып берсе, лизингге мүлк алган тарап анын баасын ижара акысы катары төлөп отуруп кутулат. Кийин мүлк менчикке чыгып, лизинг алган тарапта калат.
Дыйкандар жеңилдетилген насыяны мал чарбасына көп алат. Статистика