БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Социология илимдеринин доктору, профессор, мударис Кусеин Исаев 86 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Маалыматты маркумдун кесиптештери тастыктады.
Исаев 1937-жылы 7-сентябрда Ысык-Көл районунун Бостери айылында туулган.
Эмгек жолун 1961-жылы Кыргыз улуттук университетинде катардагы мугалимден баштап, Бишкек гуманитардык университетинде социология жана саясат таануу кафедрасынын башчысы, башкаруу жана социология факультетинин деканы болуп иштеген. Өмүрүнүн соңку күндөрүнө чейин бир катар жогорку окуу жайларда мугалим болуп эмгектенип келген.
Кусеин Исаев 140тан ашык илимий эмгектин, анын ичинде 10 монографиянын автору. Илимий изилдөөлөрү кыргыз коомунун социалдык маселелерине, социалдык түзүлүштүн, улуттун, билимдин, жаштардын, саясаттын социологиясына арналган.