Бул жай православиеде Богородицанын карамагындагы төрт ыйык жердин бири болуп саналат. Анын жайгашуусу да өзүнчө кызыктуу. Жер алдында Жакынкы жана Алыскы деп аталган 600 чакырымга созулган үңкүрлөрү бар.
Анда чиркөө ыйык деп эсептеген 120 кишинин сөөгү жатат. Тизмеде жылнаамаларды жазган Нестор, атактуу Илья Муромец, Россиянын бир кездеги реформатору Петр Столыпин бар.
Лавра экиге бөлүнгөн. Төмөнкүсү Москва патриархатынын Украина православдык чиркөөсүнө караса, Жогоркусу Киев-Печерск тарыхый-маданий коругуна тиешелүү.
Киев-Печерск лаврасы 1990-жылдан бери ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизилген.