Болот Ибрагимов президент Садыр Жапаровго кеңешчи болуп дайындалды

Активисттин буга чейин эки ирет шайлоого катышканы маалым.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Активист Болот Ибрагимов президент Садыр Жапаровго коомдук башталгычтагы кеңешчи болуп дайындалды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Ибрагимов блогер, соңку жылдары укук коргоо органдарынын, өзгөчө жол инспекциясынын мыйзамсыз иштерин чагылдырып жүргөн. 2021-жылы мартта "Биздин эл" партиясы менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлигин коюп өткөн, бирок шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандыктан мандатка жеткен эмес. Кийин күздө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого "Эл үмүтү" партиясы менен катышып, бирок өткөн эмес.
"Унаадан" чуу менен кеткен президенттин кудасы Түмөнбаев жаңы кызматка дайындалды