Бишкектин кээ бир жеринде 1-апрель күнү жарык өчөт. График

Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Ишемби күнү, 1-апрелде, борбор калаанын төрт көчөсүндө жарык өчөт. Бул тууралуу "Бишкек электр тармактары" ишканасы билдирди.
9:00-17:00 — Жибек Жолу проспекти, Жумабек, Мичурин жана Үсөнбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгү жарыксыз калат.
Бул күнү электр линияларын оңдоо иштери аткарылат.
Дем алыш күндөрү үшүк жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты