"Алькони" заводундагы өрт 16 сааттан кийин өчүрүлдү

Өрт контейнерлерге дагы жармашкан, бирок көбүн сактап калууга мүмкүн болду.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. "Алькони" заводунан чыккан өрт 16 сааттан кийин толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Жабыркагандар жок. Өрт жалпы 3 500 чарчы метрлик аянтты жалмаган. Ошондой эле заводдун жанындагы 11 контейнерге жармашкан. 23 контейнерди сактап калышты.
Кырсык болгон жерде беш өрт өчүрүүчү машина түнкү саат 03:10дон бери иштеди.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгын атайын өрттөгөндөр видеого түшүп калган