БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Ички иштер министрлиги баңгизат саткан адамдардын сабалганы боюнча кылмыш ишин козгоду.
Окуянын видеосу соцтармакка тарады. Кадрдан баңгизат жеткирген адамдарды алдап кеткен эки баланы сабап, кечирим сураттырып жатышканын көрүүгө болот.
Милиция ыкчам-тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшкөн кызматы жарандарды интернеттеги жеңил акча табууга чакырган жарыяларга азгырылбоого чакырат.
"Баңгилик дүйнөсү абдан катаал. Күмөндүү акча сиздин жана жакындарыңыздын тагдырына балта чабышы мүмкүн. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат беребиз", — деди ИИМ.
Баңгизаттык кылмыштан жабыркаган жарандарга Токтогул, 80 дарегинде жайгашкан БМЖКККга кайрылуу сунушталат. Байланыш номери: 66-06-16, 66-02-44 (анонимдүү).
ИИМ баңгизатты өз каалоосу менен тапшырып кылмыштын бетин ачууга жардам бергендер кылмыш жоопкерчилигинен бошотула турганын эскертти.