Бишкектеги "Алькони" заводу күйүп жатат. Жалындаган өрттүн видеосу

Заводдун тегерек-чети курчалган, тилсиз жоо менен күрөшүү иштери жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бишкектин чыгыш тарабында катуу өрт чыгып, "Алькони" тез татым кесмелерин чыгарган завод күйүп жатат. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Күбөлөрдүн айтымында, түндө "Аю Гранд" соода борбору тарапта жарылуу сыяктуу катуу үн чыккан. ӨКМ жалын саат 03:10 чамасында тутанып, жерине беш өрт өчүрүүчү унаа тартылганын белгиледи. Алдын ала маалымат боюнча, күйгөн жердин аянты 3500-4000 чарчы метрди түзөт.
Заводдун тегерек-чети курчалган, тилсиз жоо менен күрөшүү иштери жүрүп жатат.
Өрт саат 05:55те чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгын атайын өрттөгөндөр видеого түшүп калган