Радио

Аймактардын өнүгүшүнө айылдык кеңештер таасир этеби? Эксперттин пикири

Мамлекеттик кадр боюнча көз карандысыз эксперт Самат Ашымов айылдык кеңештер социалдык объктилердин курулушуна кызыкпай, өз аймагында өндүрүштүк ишканалардын пайда болушуна аракеттенүүсү зарылдыгын айтты.
Sputnik
Айылдык кеңештердин көпчүлүгү өз аймагынын өнүгүү стратегиясын түзүп келечекке карай иштешпейт. Мындай пикирин Самат Ашымов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, айылдык кеңештердин депутаттарын окутуулардан өткөрүп туруу зарыл.
"Айылдык кеңешке депутат болуп келгендер бир чети шайлоочуларынын мүдөөсүн аткаруу үчүн, экинчиден, келечекти көрө билбегендиктен дээрлик баары эле социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө кызыгышат. Бир айыл өкмөттө беш айыл болсо жыйынтыгында ар бирине маданий үй, клуб жана башка ушул сыяктуу мекемелер курулат. Бул, албетте, жакшы, бирок биз билебиз да, бир социалдык объектинин чыгымын жабыш үчүн кеминде киреше түшө турган беш булак болушу зарыл. Муну эсепке албагандыктан ошол курулган объектилер борбордон аткаминерлер барганда эле ачылып, башка убакта жабык турат же заңгыраган мектептерди салып алышып аны тейлөө, толук кандуу иштетүүгө каражат жетишсиздиги жаралат. Жылдап коммуналдык кызматтары төлөнбөй карызга батып калган имараттар да жок эмес. Андыктан ириде айылдык депутаттарды өз аймагында өндүрүштүк ишканалардын пайда болушуна далалат кылууга үйрөтүү керек. Ар кандай чакан өндүрүштүк ишканалар ачылып, киреше булагы пайда болгон соң гана социалдык, маданий имараттарды салсак аймактар өнүгөт", — деди Ашымов.
Эксперт айылдык кеңештерде атаандаштыктын күчтүүлүгү да ушундай кадамдарга алып келип жатканын кошумчалады.