Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Эрдоган: Түркияны Россияга каршы согушка аралаштырууга жол берилбейт

Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо 14-майда өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Анкара Батышка Түркияны Россияга каршы согушка аралаштырууга жол бербейт. Бул тууралуу өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган Ahaber каналына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Биз мамлекетибизди согушка катыштырууга жол бербейбиз. Бул биздин шайлоо алдындагы ураандарыбыздын бири", — деген Эрдоган.
Анын айтымында, Анкара акыркы эки жыл Батыштын өлкөнү жаңжалга аралаштыруу ниетине каршы турду, аракет текке кеткен жок.
"Биз турганда (бийликте — ред.) алардын ою менен болбойбуз. максатыбыз — Россия менен Украинага ортомчулук кылуу, андан жыйынтык чыгарууга болгон аракетибизди жумшайбыз", — деди өлкө башчы.
Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо 14-майда өтөт.
Эскерте кетсек, Москва сүйлөшүүгө даяр экенин бир нече ирет билдиргени менен Киев буга мыйзам чегинде тыюу салган. Буга чейин Владимир Зеленский G20 саммитинде "эч кандай Минск-3 болбой турганын" айткан.
Ал эми Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков мындай билдирүүлөр Украинанын эпке келүү ою таптакыр жок экенин айгинелеп турганын белгилеген болчу. БУУдагы туруктуу өкүл Василий Небензя Москва Киевдин дүйнөдөгү кырдаалды эске алуу менен кырдаалды жөнгө салуу боюнча сунушун кароого макул экенин, бирок Украина режими буга кызыкдар эместигин билдирген.
Песков, мындан тышкары, Батыштын Украинаны курал-жарак менен үзгүлтүксүз камсыздоосу орус-украин сүйлөшүүлөрүн илгерилетпестен ажырымды кеңейте берерин эскерткен.
Владимир Путин менен Си Цзиньпиндин "чоң казаты". Ой толгоо