Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россиялык ок өтпөс "Волга" поезди. Видеоинфографика

Россиялык аскерлер атайын операция болгон жерлердеги жолдорду калыбына келтирүүдө жана инженердик чалгын иштерин жүргүзүүдө Батыш аскердик округунун адистери түзгөн сооттолгон "Волга" поездин колдонуп келишет.
Sputnik
Россиялык сооттолгон "Волга" поезди атайын операция болгон аймактардагы темир жолду калыбына келтирүү иштерине катышып жатат. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн "темир желмогузу" тууралуу атайын даярдалган видеоинфографикада айтылган.
Алар темир жолдор тармагындагы, анын жанындагы аскердик жана кошумча тапшырмаларды майнаптуу чече алат. Бронепоездди россиялык армия 1990-жылдардын башында жана 2000-жылдары активдүү пайдаланган. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы аларды Херсондон жай жашоочуларды алып чыгууда жана Таврияны күзөтүүдө колдонгон.
Сооттолгон "Волга" поездинин өздүк курамы поезд жүргөн учурда жана мина коюлганда талкаланган жолдорду өздөрүнүн күчү менен оңдошкон. Курам заманбап курал, жаңы техникалар менен жабдылып, ок атылганда да калкалап турган жайлар менен камсыздалган. Куралданган бул комплекс аскерлерге ал тургай татаал шарттарда да иштеп кете бергенге мүмкүнчүлүк түзөт.