Нарынга Оштон алып келинген арчанын көчөттөрү отургузула баштады. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Нарын шаарына Ош облусунан 1,5 миң түп арчанын жана розанын көчөттөрү алып келинип, отургузула баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
1 / 3

Нарын шаарына Ош облусунан 1,5 миң түп арчанын жана розанын көчөттөрү алып келинип, отургузула баштады

2 / 3

Маалым болгондой, Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун питомнигинен алынган арчанын 1,5 миң түбү бүгүн шаардын 64-аймагындагы Ынтымак аллеясынын айланасынан баштап отургузулууда

3 / 3

Көчөттөрдүн демөөрчүлөрдүн каражатына алынганы айтылды

Маалым болгондой, Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун питомнигинен алынган арчанын 1,5 миң түбү бүгүн шаардын 64-аймагындагы Ынтымак аллеясынын айланасынан баштап отургузулууда.
Көчөттөрдүн демөөрчүлөрдүн каражатына алынганы айтылды.
"Жеринде 800 сомго бааланган көчөттөр Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевдин сүйлөшүүсү менен 400 сомго бааланып алынып келинген", — деп билдирди кабарчы.
Нарын шаарындагы креативдүү иш-чара: “жаныбарлар” ишембиликке чыкты. Сүрөт