БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. "Чакан ГЭС" ишканасынын жооптуу адамдары курулуш иштери боюнча тендерди өткөрүүдө пара алышкан. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Анда "Чакан ГЭС" ААКнын жооптуу адамдары тарабынан курулуш иштери боюнча тендерлерди өткөрүүдө аткарылган иштердин сапатына зыян келишине карабай алдын ала "үлүш" акча — пара алышкан.
Тергөө "Чакан ГЭСтин" жетекчиси жеке ишкерлерден системалуу түрдө түзүлгөн келишимдин суммасынан 10 пайыз өлчөмүндө акчаны өзүнүн үлүшү иретинде талап кылганын аныктаган.
"Эгерде андан баш тартса, жеке компанияларга аткарылган иштери үчүн акчаны төлөп берүүнү кечеңдетебиз деп коркутканы аныкталды. Атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 150 миң сом акча алып жаткан жеринен А.М. кармалган", — деп айтылган маалыматта.
Инициалдарын салыштыра келгенде А. М. "Чакан ГЭС" ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары Майрамбек Абдыкадыровдун аты-жөнүнө туура келүүдө.
Алынган далилдердин негизинде А.М. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.