Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Киев-Печерск монастрынын айланасындагы чыр: эл артка кайткысы жок. Видео

Наместник динге ишенгендер, сыйынгандар өздөрүнүн укугун коргоп жаткандыгын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Украинанын православдык чиркөөсүнүн Киев-Печерск монастырына украин бийлигинин тыюу салганына карабай элдин келип, сыйынып жаткан учурунун видеосун Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы жарыялады.
Аталган монастырдын наместниги динге ишенгендер, сыйынгандар өздөрүнүн укугун коргоп жаткандыгын айткан.
Киев-Печерск монастырындагы чатак Украинанын Маданият министрлигинин монастырь менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу бузуп, кечилдердин 29-мартта чыгып кетүүсүн талап кылгандан кийин чыккан.
Акыркы жылдары Украина бийлиги өлкөнүн тарыхында Украинанын православдык чиркөөсүнө (УПЧ) куугунтуктоонун масштабдуу толкунун жүргүзүүдө. Россия менен байланыштасыңар деген кине менен Украинанын аймактарындагы жергиликтүү бийлик УПЧтин ишмердүүлүгүнө тыюу салган чечим кабыл алган. Украина парламентине УПЧтин республикада иштешине чектөө койгон мыйзам долбоорун жөнөтүшкөн. Украинанын православдык чиркөөсүнүн бир катар өкүлдөрүнө мамлекеттик санкциялар киргизилген.
Куугунтуктоо жана коркутуп-үркүтүүлөрдүн фонунда УПЧ 2022-жылдын май айында өзүнүн толук көз карандысыздыгы боюнча расмий билдирүү таратып, жар салган. Украинанын православдык чиркөөсүнүн сайтындагы маалыматтарга таянсак, алар 1990-жылы түзүлгөн (Россиялык православдык чиркөөсүнүн (РПЧ) украиналык экзархатынан түптөлгөн). Бул РПЧтин Архиерейлик соборунун чечими менен жасалган. Анда УПЧ Москва патриархатынын курамына кирип, көз карандысыздыкка, өзүн-өзү башкаруу боюнча кеңири автономияга ээ болгон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина полициясы православдык чиркөө кызматкерин кармаган видео