Кыргызстан калкынын канчасы эмгекке жарамдуу экени айтылды

Эмгекке жарамдуу курактан өткөндөр элдин 8 пайызына барабар.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кыргызстан калкынын 57 пайызын эмгекке жарамдуу курактагылар түзөт. Бул туурасында Улуттук статистика комитети эл каттоонун жыйынтыгына таянуу менен билдирди.
Балдар менен өспүрүмдөр 35 пайызын, эмгекке жарамдуу курактан өткөндөр 8 пайызын ээлейт.
Ал эми аялдардын саны 45 жаштан кийин эркектерге салыштырмалуу өсүп отуруп, 80 жаштан ашканда эки эсеге көбөйөт. Бул айырмачылык согуштун кесепеттери жана эркектердин аялдарга салыштырмалуу өмүрүнүн кыска болушу менен түшүндүрүлөт.
Бирок соңку учурда эркектердин саны да жогорулап жатканы белгиленет. Мисалы, 2009-жылы 1000 аялга 974 эркек туура келсе, 2022-жылы 978 эркек туура келген.
Соңку беш жылда пенсионерлердин саны жогорулады. Статистика