Электрондук тамеки чегүүдө анын курамындагы заттар ысытылып, бууланып организмге кирет. Бул зыяндуу заттардын организмге сиӊишин күчөтөт. Мисалы, медицинада грипп болуп ооруп, өпкөсүнө суук тийгендерге дары-дармек жакшы сиӊсин деп адамга ингаляция жасалып жатпайбы, ошондой эле кеп. Бул тууралуу Мукаш Бейшембаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, электрондук тамеки чеккен адамдардын арасында өпкөнүн фиброзу, бронхиттин өзгөчө түрлөрү көп кездешет.
"Буга чейин парламентте кабыл алынган Салык кодексин өзгөртүү мыйзамында айкостун (электрондук тамеки) акциздик салыгы эки эсе арзандатылып жатканда аны салмагына карап салыгын эсептөө демилгеленди. Себебин бир эл өкүлү электрондук тамекинин зыяндуулугу кадимки чылымдан үч эсе төмөндүгү менен түшүндүргөн. Коомдо жана ошол эле эл өкүлдөрүнүн мындай пикирде болушу маалыматтын жетиштүү болбой жатканынан кабар берет. Экинчиден, ошол электрондук тамекини өлкөгө алып келип саткандар жөнөкөй тамекиге караганда айкос азыраак зыян алып келет деген өӊдүү маалыматтын таралышына кызыкдар. Бул маркетингдик ыкма. Чындап келгенде зыяны азыраак же көбүрөөк болгон тамекинин түрү жок. Бардык түрү бирдей организмди жабыркатат. Болгону өндүрүүчүлөр бул каражатта никотиндин концентрациясы, курамындагы башка заттар азыраак деп көрсөтүшү мүмкүн. Бирок электрондук тамекинин курамындагы оор металлдар, жыпар жыттуу бензол химиялык затынын көлөмү эч качан аз болбойт. Ал эми никотин организмде канча көлөмдө кирбесин баары бир терс таасир этет. Өзгөчө өсүп келе жаткан жаш балдарда онкологиялык оорулардын пайда болушун шарттайт", — деди Бейшембаев.
Ал 2000-жылдары Кыргызстанда жүргүзүлгөн илимий изилдөөгө ылайык ар бир 10 жылда тамеки чеккендердин арасында өпкөнүн рагына кабылгандардын саны 14 пайызга өсүп турары болжолдонгонун кошумчалады.