БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Бишкектин айрым жеринде 4-апрель күнү саат 9:00дөн 20:00гө чейин суу өчөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Фрунзе көчөсүндө, Манас, Жибек Жолу проспектилеринде жана Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрүндө таза суу убактылуу токтотулат.
Бул күнү "Белинский" суу кампасы менен суу түтүктөрүнө ремонт жасалат.