Радио

"Түндүк" аркылуу үйдөн чыкпай алчу документтердин тизмеси

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Түндүк" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Рахат Жусумамбетова алдыда үйлөнгөндүгү тууралуу күбөлүктүн да санариптик документи жеткиликтүү болорун айтты.
Sputnik
Эми "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн электрондук форматын жүктөп алса болот. Бул тууралуу Рахат Жусумамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга чейин аталган тиркемеден үч документти жүктөп алууга мүмкүнчүлүк бар эле.
"Жакында эле "Түндүк" мобилдик тиркемесинен туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн электрондук форматын жүктөп алса боло турган функцияны ишке киргиздик. Буга чейин ал жактан паспорт, айдоочулук күбөлүк жана унаанын техникалык паспортунун санариптештирилген түрүн көчүрүп алышчу. Мындан сырткары, 148 маалым катты да аталган тиркемеден алса болот. Барган сайын үйдөн чыкпай эле аталган тиркеме аркылуу документтерди пайдалангандардын саны өсүп жатат. Азыркы кезде биздин тиркеме Кыргызстанда эң көп колдонулган мобилдик тиркемелер арасында 2-орунда турат", — деди Жусумамбетова.
Ал жакынкы күндөрдө "Түндүк" мобилдик тиркемесине диплом, пенсиялык китепче жана үйлөнгөндүгү тууралуу күбөлүктү да жүктөп алууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн кошумчалады.