Жапаров орус тили маселесинде саясий манипуляция жасоого каршы экенин билдирди

Президент орус тили өлкөнүн Конституциясында расмий тил катары бекитилгенин эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Садыр Жапаров Кыргызстандагы орус тилинин статусу тууралуу кеп козгоп, пикирин айтты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Садыр Жапаров Кыргызстандагы орус тилинин статусу тууралуу кеп козгоп, пикирин айтты

2 / 3

Мамлекет башчы бүгүн Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алган

3 / 3

Жолугушууда ал кыргыз-орус кызматташтыгын илгерилетүүдөгү колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөдө орус тилинде окутула турган тогуз орто мектепти куруу боюнча макулдашуунун маанисин белгилеген

Мамлекет башчы бүгүн Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алган. Жолугушууда ал кыргыз-орус кызматташтыгын илгерилетүүдөгү колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөдө орус тилинде окутула турган тогуз орто мектепти куруу боюнча макулдашуунун маанисин белгилеген.
"Президент Кыргызстанда орус тилинин статусуна токтолуп, бул маселеде саясий манипуляция жасоо аракеттерине чечкиндүү каршы экенин, орус тили өлкөнүн Конституциясында расмий тил катары бекитилгенин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Өз кезегинде Оверчук Кыргызстан менен Россияны өнөктөштүк жана ишенимдүү мамилелер бириктирип турганын айткан.
РФ элчиси: КР бийлиги өлкөдө орус тилинин ролу кандай экенин жакшы билет