Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Атайын операция: россиялык аскерлер акыркы үлгүдөгү танкаларга ээ болду

Т-90М менен Т-72Б3М украин армиясынын танкаларынан алда канча өйдө экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Украинадагы атайын операция аймагында жүргөн Россиянын Куралдуу күчтөрү акыркы үлгүдөгү жүздөгөн танкага ээ болгонун РИА Новости өз маалымат булагына таянуу менен жазды.

"Россиянын коргонуу өнөр жайы атайын операция аймагына жаңы эле конвейерден чыккан жүздөгөн танк жеткирди. Бул Т-90М "Прорыв" жана түп тамырынан бери жаңыртылган Т-72Б3М машиналары. Куралданышы, башкаруу системасы, коргонуу, ийкемдүүлүгү сыяктуу тактикалык-техникалык жагынан жок эле дегенде чет жактын эң заманбап машиналарынын катарында турат", — деп айтылат маалыматта.

Т-90М менен Т-72Б3М согуштук мүнөздөмөсү боюнча украин армиясынын танкаларынан, болбосо аларга эми жеткириле турган танкалардан кыйла жогору турат. Жаңы машиналар бардык ракурстан танкага каршы каражаттын түрүнө туруштук бере ала турган кошумча динамикалык коргоочу жабдуу менен жабдылган.
Т-90М "Прорыв" танкы — Т-90А машинасынын, ал эми Т-72Б3М — Т-72Б танкасынын модернизацияланып, жаңыртылган түрү.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ Коргоо министрлиги Т-72 жана Т-90М "Прорыв" танкаларынын ишин көрсөттү. Видео