Ошто жасалма паспорт даярдоочу канал аныкталды

Учурда кармалган адамга карата тиешелүү чара көрүлүп жатканы белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. УКМК эл аралык террордук уюмга каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында Ош облусунун аймагында Кыргызстандын жасалма паспортторун даярдаган каналды аныктаганын кабарлады.
Тагыраак айтканда, атайын кызмат КР жаранынын жасалма паспортун жасоого аракет кылып, террордук аракеттерге катышканы үчүн издөөдө жүргөн Х.У.О. аттуу кыргызстандыкты кармаган. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда КР жаранына таандык эки паспорт табылган.
Аталган факт боюнча паспорт даярдоонун жана берүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
20 млн. сомдук чыгым. УКМК Mega компаниясынын дагы бир экс-жетекчисин кармады