Радио

Министрдин демилгеси менен мектеп директорлору окуудан өтүп жатат

Кыргыз билим берүү академиясынын жетектөөчү кызматкери, педагогика илимдеринин кандидаты Калыйман Жунушалиева мектеп директорлору төрт багытта тажрыйбалуу педагог, менеджерлерден окуп жатканын айтты.
Sputnik
Мектеп директорлорунун окуусу май айында аяктайт. Учурда Чүй облусу боюнча 320 директор үч күн атайын программа менен билимин тереңдетип, жөндөмдөрүн арттырып, жаңы ыкмаларды үйрөнүштү. Бул тууралуу Калыйман Жунушалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, үч күн офлайн форматта окугандан кийин Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту директорлорго онлайн сабак берет.
"Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин сунушу менен Кыргызстандагы мектеп директорлорун төрт багытта окутуудан өткөрүү демилгеси көтөрүлүп, учурда окутуу иштери башталды. Бүгүнкү күндө Чүй облусу боюнча 320 директор үч күн атайын программа менен билимин тереңдетип, жөндөмдөрүн арттырып, жаңы ыкмаларды үйрөнүштү. Мындан тышкары, Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту директорлорго онлайн сабак берет. Иш-чара эми Таласта, Нарын, Ысык-Көл жана түштүк регионунда жүрүп, май айында жыйынтыкталат. Мектеп директорлору эл аралык донорлордон, каржы институттардан грант алуу үчүн долбоор жазуу, инвестиция тартуу, жалпы республикалык тестирлөөдөгү окуучулардын жыйынтыгынын деңгээлин көтөрүү, PISA-2025 эл аралык изилдөөсүндө Кыргызстандын беделин жогорулатуу үчүн даярдыктарды күчөтүү сыяктуу багыттарды камтымакчы", — деди Жунушалиева.
Ошондой эле адис натыйжалуу башкарууга өбөлгө түзгөн мектеп директорунун негизги сапаттарына басым жасалып, тажрыйбалуу педагогдор, адистер тренинг өтүп жаткандыгын кошумчалады.