Оверчук: Кыргызстан менен Россия санарип трансформация боюнча кызматташса болот

РФ премьер-министри Россия Кыргызстандын ири инвесторлорунун бири экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия санарип трансформация тармагында кызматташа алат. Бул туурасында Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында Россия тараптан тең төрага болгон Алексей Оверчук билдирди.
Ал Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандын экономикасын модернизациялоо үчүн түзүлгөнүн эске салды. Фонддун кеңешинин февралдагы жыйынында быйылкыга 89 миллион долларлык эки ири долбоорду (цемент завод жана ГЭС) каржылоо планы бекитилген.
"Албетте, биз РКӨФ алкагында кызматташтыгыбызды мындан ары да өнүктүрө беребиз", — деди Россиянын вице-премьери.
Ошондой эле Оверчук Россия КР экономикасынын ири инвесторлорунун бири экенин белгиледи. Инвестиция кайра иштетүү өндүрүшү, соода, геологиялык чалгындоо жана жер казынасын пайдалануу сыяктуу ар кайсы тармактарга жасалууда.
"Россиялык компаниялар Кыргызстандын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү долбоорлоруна катышууну жана ишке ашырууну карап жатат. Жогорку технология жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Россия кыргыз өнөктөштөрүнө санариптик трансформация тармагында өзүнүн иштеп чыккан продукцияларын сунуштоого даяр. Анын ичинде шаарды, мамлекеттик башкарууну жана билим берүүнү санариптештирүү бар", — деди вице-премьер.
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандарынын укугун теңеген картаны ишке киргизүү сунушталды