Кыргызстан айыл чарба продукцияларынын 71 пайызын сырттан ташып келет

Импорттун көлөмү 93 миллиард сомго чамалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Өткөн жылы айыл чарбанын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын тышкы соода жүгүртүүсү 131 миллиард сомду түздү. Сооданын көлөмү 2021-жылга салыштырмалуу 29,4 пайызга өскөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Аталган сумманын ичинен Кыргызстандан экспорттолгон айыл чарба продукциялары 29 пайызын түзгөн (өсүү 34,3 пайыз). Ал эми калган 71 пайызы ар кайсы өлкөлөрдөн импорттолуп (өсүү 27,5 пайыз) келген.
Эгер акчалай түрдө эсептей турган болсок экспорт 38 миллиард, импорт дээрлик 93 миллиард сомго чамалаган.
Кыргызстандын өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү январда 20,5%га өстү