Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны башталды

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен РФ өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук төрагалык кылат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 24-жыйыны башталды.
Жыйын алгач тар курамда, андан соң кеңейтилген чөйрөдө өтөт.
Иш-чарага кыргыз тараптан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ал эми Россия жактан өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук төрагалык кылат.
Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын эксперттик жыйыны өттү. Сүрөт