Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын соңунда кол коюлган документтер

Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын жыйынтыгында өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.
Отурумдун жыйынтыгында кол коюлган документтер:
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын 24-жыйынынын протоколу;
Кыргызстандын министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда орус тилинде билим берүүчү биргелешкен билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана эксплуатациялоо шарттары жөнүндө макулдашуу;
2015-жылдын 31-мартында кол коюлган Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуунун алкагында Кыргызстанда техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
Кыргызстан менен Россиянын Финансы министрликтеринин ортосундагы Кыргызстан ишке ашырып жаткан салыктык администрациясын колдоо үчүн Россия тараптан Кыргызстанга акысыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;
Кыргызстан менен Россиянын Финансы министрликтеринин ортосундагы РФ тарабынан КРдин Финансы министрлигине мамлекеттик финансыны башкаруу тармагында илимий-методикалык колдоо жана техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;
Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы менен Мамлекеттик каттоо, кадастр жана картография боюнча федералдык кызматынын (Росреестр) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
"Бишкек Солар" жоопкерчилиги чектелген коому, "Юнигрин Энержи" компаниялар тобу жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун ортосунда электр энергиясын жеткирүү боюнча узак мөөнөттүү келишим.
Оверчук: Кыргызстан менен Россия санарип трансформация боюнча кызматташса болот