ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандарынын укугун теңеген картаны ишке киргизүү сунушталды

Бишкекте "Эмгек миграциясы өлкөнү өнүктүрүү ресурсу катары" аттуу тегерек стол өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандарынын укугун теңеген картаны ишке киргизүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аалы Карашев билдирди.
Ал мигранттардын эл аралык федерациясынын демилгеси менен Бишкекте уюштурулган "Эмгек миграциясы өлкөнү өнүктүрүү ресурсу катары" аттуу тегерек столго катышты.
"ЕАЭБдин мүчөсү болгон жарандын картасын ишке киргизүү зарыл. Ал аркылуу жаран ЕАЭБ мамлекеттеринин кайсынысында жүрбөсүн укугу жергиликтүүлөрдүкү менен тең болушу керек. Аталган карта адамдардын инсандыгын тактаган жана QR-код менен жабдылган документтердин катарын толуктамак", — деди Карашев.
Ал ошондой эле жеке бөлмө принциби боюнча эмгек мигранттары үчүн атайын адистешкен мобилдик тиркеме иштеп чыгуу маселесине токтолду.
"Анда бардык эсептик маалыматтар сакталып, документтерди алуу, каттоого туруу боюнча сервистердин кызматтары камтылмак. Бул нерсе мигранттардын бирдиктүү маалыматтарынын базасын түзүүнү шарттап, алардын талаптарына ыкчам жана комплекстүү жооп берүүгө, көмөк көрсөтүүгө өбөлгө түзөт. Маалымат базасы чет өлкөлөрдө иштеп жаткан жарандарыбыздын так санын аныктоого да жардам берет", — деди ал.
Экс-парламентарийдин пикиринде, эмгек мигранттарын инвестор катары таануу керек. Мигранттардын туулуп-өскөн аймактарында инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн "1+1" программасын ишке киргизүү зарыл. Ага ылайык, эгер эмгек мигранты кичи мекенинде ишкерлик менен алектенүүнү чечсе, мамлекет зарыл болгон шарттардын баарын түзүп берүү (жер бөлүп берүү, электр түйүндөрүнө улануу, салык жактан жеңилдетүүлөр ж.б.) менен чектелбестен, мигрант жасап жаткан инвестициянын өлчөмүндө пайызсыз ссуда бериши керек.
"Ошондой эле чет өлкөдөгү мекендештерге жумушка орношууга жардам берген атайын борборлорду ачуу керек. Мындай борборлор жумуш табууга, 2 апта аралыгында убактылуу күн кечирүүгө, каттоого турууга кол кабыш кылат", — деди Карашев.
Ал ошондой эле тынымсыз иштеген Call-борборлорду ачууну сунуштады.
Беш күндө 320 ирет миграциялык мыйзам бузулуп, 1,5 млн. сом айып салынды