Кыргызстанда өзгөчө адамдар жашайт. Блогердин эл аралык көргөзмөдөгү видеосу

Россиялык блогер Лариса Булина эл аралык MITT-2023 туристтик көргөзмөсүндө Кыргызстанды жарнамалаган видеосун жарыялады. Ал иш-чаранын катышуучуларына кыргыз элинин өзгөчө сапаттарын суктануу менен айтып берген.
Sputnik
Блогер көрсөтүүсүн адамдарга арнап, алгач турист катары келгенде кыргызстандыктар аны кең пейилдиги менен арбап алганын белгиледи.
"Менин Кыргызстандан көргөн эң башкы нерсем — тамак-ашы, тоолору, көлдөрү эмес. Ооба, алар да аябай сонун, бирок Кыргызстанда өзгөчө адамдар жашайт. Мен жайылтып жаткан туризмдин мааниси эмнеде экенин түшүндүм — адамга адам керек. Чабандын көзүн карап ушунчалык бир дүйнөнү көрдүм, андай көздөрдү өзүм жашаган Москвадан таба албайм. Ал өз ишин татыктуу аткарат. Эки жыл мурун Кырчын жайлоосунда түнөп калдым. Ошондо өзүмдөн көптөн бери көрө албай жүргөн нерсени ошол адамдардан көрдүм. Ал — сабырдуулук, гармония жана ак көңүлдүк. Биз чоң шаарларда ушундай сапаттарды унутуп калабыз. Ушул жөнөкөй нерселер гана бизди чынында бактылуу кылат экен", — деди Булина.
Ошондой эле блогер Кыргызстанга келген туристтерди мейманканаларга чуркабай, боз үйгө түнөөгө, кымыз, бээнин сүтүн ичүүгө жана аламан улак, көк бөрү оюндарын көрүүгө чакырды. Ошондой эле ал бул өлкөдөн Франция, Грузиядагыдай баары көрүп, угуп жүргөн нерселерди эмес, өзгөчө, жаңы ачылыштарга күбө болоруна ишендирди.
Белгилей кетсек, Лариса Булина соңку эки жылдан бери Кыргызстанга келип-кетип, өлкөнүн ажайып жайлары, кыргыз элинин маданияты тууралуу роликтерди YouTube-каналына жарыялап турат. Былтыр Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги россиялык блогерге ыраазычылык кат тапшырган.
MITT-2023 29-эл аралык туристтик көргөзмөсү 16-18-март күндөрү Москванын "Крокус Экспо" көргөзмө борборунда өткөн. Бул жылы ага дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн жана Россиянын 57 регионунан өкүлдөр катышкан. Анда 170 спикер өз аймагынын туризм индустриясы тууралуу жарнамалап, конокторду чакырган. Ал эми Кыргызстандын туристтик дараметин көрсөтүп берүү үчүн өлкө бийлиги Булинаны чакырган.