Акылбек Жапаров ЕТӨФтүн долбоорлоо блогунун директорун кабыл алды

Жапаров Широковго Кыргызстанда ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун Долбоорлор блогунун аткаруучу директору Андрей Широковду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тараптар экономика, айыл чарба, энергетика, транспорт жана саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууну талкуулашты.
Жапаров Широковго Кыргызстанда ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.
"Бүгүнкү күндө Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду экономиканы туруктуу өнүктүрүүдө бүткүл евразиялык мейкиндиктеги өлкөлөрдүн ишенимдүү өнөктөшү болуп калды", — деди Жапаров.
Ал эми Андрей Широков фонддун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлорго, анын ичинде энергетикалык ресурстарды өнүктүрүүгө, билим берүүгө жана медициналык мекемелердин техникалык жактан жабдылышын жакшыртууга багытталган долбоорлорго токтолду.
Белгилей кетсек, Андрей Широков Бишкекке Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 24-жыйынына катышуу үчүн келген.
Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны башталды