БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Президенттин кудасы Турусбек Түмөнбаев "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасына директор болуп дайындалганы белгилүү болду. Кабарды мэриянын маалымат кызматы тастыктады.
Бирок анын кызматка качан дайындалганы расмий жарыяланган эмес. Мэрия сайтына Түмөнбаевди ишкананын жетекчиси катары көрсөтүп, сүрөтүн илгенден кийин гана ЖМКларга маалым болду. Ал аталган кызматка төрт ай мурун дайындалган экен.
"Бишкек асфальт сервис" — борбор калаанын мэриясына караштуу ишкана. Мекеме шаардын жолдорун жана көрктөндүрүү объектилерин долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо жана тейлөө менен алектенет.
Белгилей кетсек, Турусбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун бир тууган жездесинин агасы болот. Ал 2020-жылдын октябрында "Унаа" мамлекеттик ишканасына директор болуп дайындалган. Анда мамлекет башчы бийлик алмашкан учурда коррупционерлер банктардан акча чыгарып качып кетпесин деп, шашылыш түрдө өзү билген адамдарды кызматка койгонун айткан.
Деген менен 2021-жылдын августунда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов эл аралык стандарттагы транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланкаларын даярдоо тендерде эки эсе кымбат бааланып калганын билдирген. Андыктан Жапаровдун тапшырмасы менен "Унаа" мамлекеттик мекемесинин иши текшериле баштаган. Бул чуунун айынан Түмөнбаев 12-сентябрда кызматтан бошотулган.