5,1 млн. сомду кайтарды. "Тазалыктын" мурдагы жетекчиси үй камагына чыкты

Мурдагы аткаминер күнөөсүн моюндаганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын мурдагы жетекчиси Рысбек Сарпашев мамлекетке 5,1 миллион сомду кайтарып, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Сарпашев өткөн бейшембиде кармалган. УКМКнын маалыматына караганда, ал "Тазалыкка" материалдык-техникалык каражаттарды алуу үчүн бөлүнгөн акчаны өзүнө ыйгарып алган.
УКМК Сарпашевдин башка дагы кылмыштарга тиешеси бар-жогун изилдеп жатат. Көрсөтүлгөн эпизод боюнча иш сотко өткөрүп берилет.
20 млн. сомдук чыгым. УКМК Mega компаниясынын дагы бир экс-жетекчисин кармады