Меккеге бараткан автобус күйүп 20 киши каза болду, арасында КР жарандары жок. Видео

Зыяратчылардын баары Йеменден экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Сауд Арабияда зыяратчыларды ташыган автобус өрттөнүп, анын кесепетинен каза болгон 20 кишинин арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.
ЖМКлардын маалыматы боюнча, автобус Асир шаарындагы көпүрөдө кырсыктап, анын кесепетинен 20 адам набыт болуп, 29 киши жаракат (көпчүлүгү күйүп калган) алган. Меккеге бара жаткан зыяратчылардын баары Йеменден экени айтылды.
Тышкы иштер министрлиги окуя ведомствонун көзөмөлүндө турганын билдирди.
Грецияда эки поезд кагышып, 26 кишинин өмүрү кыйылды. Видео