Ош шаарында россиялык музыканттардын өзгөчө кечеси өтөт

Иш-чарада классикалык чыгармалар, орус улуттук ырлары жана хор аткарылат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында "Музыканын тилинде" аталышындагы эл аралык маданий долбоор өтөт. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом) маалымдады.
Билдирмеге караганда, долбоор Россиянын Маданият министрлиги жана Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулууда. Иш-чара 5-апрелде саат 18:00дө башталат.
1 / 2

"Россия" ансамблинин солисттеринен турган квинтет

2 / 2

Сретенск монастыры мырзалар хору

Классикалык номерлерди "Реликт" триосу жана скрипкачы Ирина Павлихина аткарат. Орус улуттук ырлары улуттук аспаптардын коштоосунда "Россия" ансамблинин солисттеринен турган квинтет жана Россия эл артисти Надежда Крыгинанын аткаруусунда жаңырат. Кеченин кульминациялык бөлүгүндө 1397-жылы түзүлгөн, дүйнөгө белгилүү Сретенск монастыры мырзалар хору сахнага чыгат.
Кечеге келгендер чакыруу билети менен киргизилет. Каалоочулар билеттерди Ош шаарындагы Камбаралы Бобулов көчөсү, 72 дарегинде жайгашкан Россиянын Оштогу илим жана маданият борборунан (Русский дом) алса болот.
Байланыш телефондору: +996(3222) 41-320, +996(557) 00-18-33.
Кыргызстан менен Россия өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты талкуулайт