Радио

Ашымов: райондук кеңештер түзүлсө акимдерге көмөкчү болмок

Мамлекеттик кадр боюнча көз карандысыз эксперт Самат Ашымов райондук кеңештерди түзүү мыйзамын жокко чыгарууга жол бербөө зарылдыгын айтты.
Sputnik
Райондук кеңештер түзүлсө ротацияланып келген акимдерге көмөкчү болот. Мындай пикирин Самат Ашымов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, райондук кеңештер иштеп баштаса жер-жерлерге инвестиция тартуу да илгерилейт.
"Азыр акимдердин ыйгарым укуктары кеңейди. Айталы, мурда жерлерди трансформациялоо үчүн милдеттүү түрдө Жогорку Кеңештен өткөрүш керек болсо, азыр аким өзү чечим чыгара алат. Бюджети болбогону менен фонду бар. Андагы каражатты район башчысы жумшай алат. Ошону менен катар эле акимдер азыр ротацияланып, башка аймактарга барып иштеп жатышат. Мындай учурда жаңы барган жетекчи ал жерлердеги маселени жакшы билбейт. Билип, таанышып чыккан соң деле райондук кеңештин депутаттары болсо, алар жергиликтүү тургундардын кызыкчылыгынын чечилишине салым кошушат. Акимге көмөкчү болушат. Азыр акимдер четтен инвестиция тартууда да өз алдынча аракеттерди жасай алат. Мындай учурда да райондук эл өкүлдөрүнүн көмөгү чоң. Райондук кеңеш коомдук башталгычтагы орган болгондуктан бюджеттен каражат талап кылынбайт",— деди Ашымов.
Ал өлкөдө жүрүгүзүлүп жаткан административдик аймактык реформадан соң деле райондук кеңештерге болгон зарылчылык актуалдуу болуп кала берерин кошумчалады.